Биз социалдык тармакта

АКШ Ирактагы “Кайраттуулук” операциясын расмий аяктады

АКШ жана анын коалициядагы өнөктөштөрү Ирактагы “Кайраттуулук” операциясын расмий түрдө сентябрда аяктады. Бул тууралуу Пентагонго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, коалициялык күчтөрдүн жана аскердик техниканын Эрбилдеги авиабазадан чыгарылышы Ирактагы аскердик миссиянын аяктаганын билдирет.

Эми аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу милдети Ирактын Куралдуу күчтөрүнө өтөт. Ошол эле учурда АКШ Иракка аскерлерди даярдоо жана чалгын маалыматтарын берүү багытында чектелген жардам көрсөтүүнү улантат.

АКШ “Кайраттуулук” операциясын 2014-жылы баштаган. Ошол эле жылы Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекетине” каршы күрөшүү үчүн 60тан ашык өлкөнү камтыган эл аралык коалиция түзүлгөн.

Операция БУУнун Коопсуздук кеңешинин түздөн-түз санкциясы жок жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан