Instagram социалдык тармагында тараган видеого байланыштуу 19 жаштагы жигит жүзүн таануу системасы аркылуу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаш жигиттин майда бейбаштык жасаганы аныкталып, ага карата протокол түзүлгөн. Натыйжада жалпы 45 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Милиция жаштарды убактысын чыр-чатакка жана бири-бирин кемсинтүүгө коротпой, билим алууга, өнүгүүгө жана спорт менен машыгууга чакырды.