Кайрымдуулук иштери менен белгилүү болгон “Беткапчан адам” (Человек в маске” Ош шаарында жашаган муктаж үй-бүлөгө батир белек кылды.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук кылган жаран үй-бүлөнүн жашоо-шарты менен таанышып, аларга жаңы батирдин ачкычын тапшырган.
Белгилей кетсек, “Человек в маске” буга чейин да муктаж адамдарга жардам берип, кайрымдуулук иштерин жасап келет.