АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышууга барган Ирандын делегациясынан өлкөдөн дароо чыгып кетүүнү талап кылды. Бул тууралуу кечээ, 30-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрү 29-сентябрда Катардын ортомчулугу менен өтүп, жыйынтыксыз аяктады. Ошол эле күнү кечинде АКШнын БУУдагы миссиясы Ирандын делегациясына Нью-Йорктон дароо чыгып кетүү керектигин билдирди.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеранга кайтууну мурда эле пландаганын айтты.