Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте карылар күнүнө карата Тыныстанов көчөсүндө айгашкан "Эмен" эс алуу багында музыкалык кече уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган иш-чаранын алкагында алтын курактагы көрүүчүлөргө сүйүктүү обондор, жагымдуу эскерүүлөр жана жылуу маанай тартууланып, музыкалык спектаклдер коюлат.