Бүгүн, 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкекте узак жылдар бою бирге өмүр сүрүп келе жаткан жубайларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясы билдирип, видео жарыялады.
Иш-чара Бакыт үйүндө уюштурулуп, анда жубайлар кайрадан "үйлөнүштү". Ошондой эле катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар уюштуруучуларга ызраазычылык билдиришти.