Биз социалдык тармакта

Курал Чокоев баш болгон ырчыларга Эмгек сиңирген артист наамы тапшырылды

Белгилүү эстрада ырчылары Курал Чокоев, Аксай Мукамбет уулу, Акбар Сүйүнбаев жана Султан Садыралиевге “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” ардак наамы ыйгарылды.

Сыйлыкты 30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырган.

Социалдык тармактарда артисттерди кесиптештери жана сахналаштары куттуктап жатышат.

Султан Садыралиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, "Сиздер бар, мен бар. Ыраазымын! Колдоп туруп алып бердиңиздер" деген.

Сүйүнбаев кубанычтуу жаңылыгын Инстаграм баракчасында сүйүнчүлөп, "Бийик даражадагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн сыймык!" деди.

Ал эми Курал Чокоев: "Талыкпас эмгек жана өз кесибиңди сүйүп иш алып барсаң, ушундай натыйжа берерине дагы бир жолу ынандым",- деп Кыргыз улуттук филармониясынын жамаатына өзгөчө ыраазычылык билдирип өткөн.

"Кубанычта чек жок. Баарыңыздарга рахмат! Ата мекенге кызмат кылам!",- деген Аксай Мукамбет уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан