АКШ президенти Дональд Трамп кечээ, 30-сентябрда Flydubai учагындагы окуя тууралуу айтып, израилдик сантехник учактын кулап кетишинин алдын алууга жардам бергенин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Дубайдан Тель-Авивге учкан FZ1073 каттамында эки учкучтун ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири экинчисине бычак менен кол салган. Жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү кийлигишип, кол салган адамды токтотушкан.
Трамптын айтымында, учак кескин төмөндөй баштаганда, мурда учак башкарбаган израилдик сантехник учкучтун ордуна отуруп, башкаруу туткасын өзүнө тарткан. Ал учакты башкаруу боюнча түшүнүктү "Авиакырсыктарды иликтөө" берүүсүнөн алганын айткан.
Окуя катталган учак 30-сентябрда Сауд Арабиясынын Табук шаарына авариялык шартта конду. Flydubai окуя боюнча расмий иликтөө жүрүп жатканын билдирди.