Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу 1-октябрда ӨКМ билдирүү таратты.
Бул учурда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Жарандарга коопсуздук чараларын сактап, зарыл болбосо сыртка чыкпоо сунушталат.