
Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 182 миллион 624 миң сомго бааланган социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды.