Бүгүн, 1-октябрда борбор каладагы көчөлөдүн биринде жол тескөөчүсү улгайган апага жардам берип, жолдун бир четинен экинчи четине өткөрүп жатканы тартылган видео тарады.
Автор бул көрүнүшкө суктанганын айтып, анын окуясын бөлүшүүнү чечкен.
"Муну азыр эле көрүп калдым. Тартпай коё алган жокмун. Патрулдук кызматкер чоң апаны колунан кармап, жолдон өткөрүп койду. Кандай сонун көрүнүш",- деп жазган автор.
Жөнөкөй эле көрүнгөн бул аракетке социалдык тармактын колдонуучулары жылуу пикирлерди калтырышууда.