БУУ Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу кечээ, 30-сентябрда уюмдун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Анын айтымында, БУУ эки тарап тең кааласа, сүйлөшүүлөрдө ортомчу же байланыштыруучу тарап катары роль аткара алат.
Дюжаррик бул уюмдун туруктуу позициясы экенин белгилеп, Москвадан же Киевден расмий кайрылуу болгон-болбогонун тактаган эмес.