Биз социалдык тармакта

Депутат ымыркайлардын өлүмү боюнча маселе көтөрдү (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында өлкөдөгү ымыркайлардын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

Айтымында, статистикалык маалыматтарга ылайык өлкөдө ушул жылдын 7 айында 1 жашка чейинки 977 ымыркай чарчап калган.

"Алардын көпчүлүгү тубаса оорулардан жана жүрөк илдетинен чарчап калган. Аын үстүнө Жүрөк хирургиясы институтундагы кырдаал коомчулукту тычсыздандырып жатат. Ачык маалымат булактарындагы маалыматтарга таянсак, акыркы тогуз айда ал жерде 33 бала каза болуптур. Андан сырткары, мамлекет тарабынан сатып алынган заманбап томограф, ангиограф аппараттары 7 айдан бери орнотулбай турат. Дарыгерлер бейтаптарды башка ооруканаларга алып барууга мажбур",- деди депутат.

Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министрлигинен аталган маселеге көңүл буруп, баа берүүнү суранды.

Депутат ымыркайлардын өлүмү боюнча маселе көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан