Октябрда бюджеттик мекемелердин кызматкерлери сентябрь айындагы айлыкты жогорулатылган өлчөмдө алышат.
1-сентябрдан тарта Кыргызстанда 46 миңден ашык бюджеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлдү. Жаңы эмгек акы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, техникалык жана кенже тейлөө персоналдарына, ошондой эле күч түзүмдөрүндөгү жарандык кызматкерлерге тиешелүү.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча:
Мамлекеттик аппаратта айлык орточо эсеп менен 35,4 миң сомдон 51 миң сомго чейин жогорулаган. Мындан тышкары, айрым кызматкерлерге 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралган.