Бишкекте баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө ташып кирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Биргелешкен ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1999 жана 2000-жылы туулган үч жаран кармалды.
Учурда баңгизатты ташып кирүүнү жана сатууну уюштурган адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.