Түркиядан декларацияланбай ташылып келген 9 тонна 510 килограмм товарлар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, товарлардын арасында кабелдик кесиндилер, агым датчиктери, кабелдик туташтыргычтар, редукциялар, контакторлор, электр энергия булактары, клавиатура панелдери, модемдер, күчөткүчтөр жана кыргычтар комплекти бар.
Товарлардын жалпы наркы 12 миллион 396 миң 414 сомду, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 миллион 292 миң 538 сомду түзгөн. Бул факт боюнча материалдар каттоого алынып, жыйынтыгында республикалык бюджетке 5 миллион 37 миң 854 сом өндүрүлгөн.