Франциялык 102 жаштагы веложарышчы Робер Маршан велосипед тебүүдөгү көрсөткөн ылдамдыгы боюнча өз рекордун жаңылады. Бул тууралуу 4-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын жаңы рекорду Парижде коюлган. Ал 102 жашта экенине карабай саатына 27 чакырым аралыкты басып өттү. Маршандын айтымында, ал өзүн бул жыйынтыктан кийин жакшы сезип жатат. Бирок бул көрсөткүчү аны толук канааттандырбайт.
Маршан 100 жашынан өткөндөн кийин велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенген тарыхтагы жалгыз спортчу. Анын буга чейинки рекорду 2012-жылы катталып, анда саатына 24 чакырым аралыкты басып өткөн.
Андан тышкары ал расмий түрдө 100 жаштан ашкандан кийин 100 чакырым аралыкты багындырган жалгыз спортчу. Ага бул үчүн 4 саат 17 мүнөт жетиштүү болгон.
Робер Маршан 1911-жылы 26-ноябрда төрөлгөн. Бала күнүнөн тарта велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенүүнү кыялданганы менен, аны бул спорт секцияларына кабыл алышкан эмес. Натыйжада айдоочулук кесипти аркалап жүргөн. Велоспорт менен олуттуу түрдө машыгууну пенсияга чыккан соң гана баштаган.