Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгына чабуул койгон Саруу айылынын тургундарына кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 4-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Буга чейин Каракол шаарындагы жана Саруу айылындагы баш аламандыктар боюнча издөөдө жүргөн Айбек Сарыбаев кармалган эле. Көп өтпөй 100дөй саруулук жаран РИИБге келишип, Сарыбаевди бошотууну талап кылышты. Таш менен РИИБинин эшик, терезелерин талкалашкан. Азиз Ажыбеков аттуу милиция кызматкерин сабашканы айтылды.
Саруулуктарга кылмыш иши “бейбашчылык”, “бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” жана “мүлктү атайлап талкалоо жана жок кылуу” беренелери боюнча козголду.
Саруу айылында Балыкчы-Каракол унаа жолун тоскондор боюнча административдик протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлдү.
Жол тосуп тургандарга милиция өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.