Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров алгачкы атаандашын жеңди.
Шеров шри-ланкалык спортчуну ишенимдүү түрдө жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. Ал 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.
Айта кетсек, Эрлан Шеров 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарынын чемпиону болуп саналат.