Бүгүн, 4-февралда саат 07:50дө өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди. Очогу Ош шаарынан түштүккө карай 112 чакырым алыстыкта болуп, жер силкинүүнүн күчү 4,6 баллга жетти. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук сейсмологиялык борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, кыйроолор жана жабыркагандар жок.