Биз социалдык тармакта

Азия оюндарындагы кезектеги коло байгени Малик Шаваев алып келди

Малик Шаваев Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында эркин күрөштөн коло медаль тагынды.

Ал үчүнчү орун үчүн түштүк кореялык балбан менен күрөшүп, жыйынтыгында 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Шаваев буга чейин жарым финалда ирандык атаандашына утулуп калган. Спортчу алгач бахрейндик спортчуну 9:5 эсебинде, чейрек финалда өзбекстандык атаандашын 10:2 эсебинде жеңген болчу.

Ошентип, Шаваев өлкө куржунуна Азия оюндарынан эркин күрөш боюнча алгачкы медалды, ал эми жалпы эсепте сегизинчи коло байгени алып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан