Быйыл өлкөдө 1 миллион 249 миң 700 тоннага жакын картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө. Мындай маалымат 2-октябрда Айыл чарба министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.
Ага ылайык, калктын жылдык керектөөсү 799 миң 700 тоннага жакын.
Учурда өлкөнүн картошка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 181,9 пайызды түзөт. Мындан улам дыйкандарды колдоо жана жергиликтүү өндүрүлгөн картошканы ички рынокто сатууга шарт түзүү максатында анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда.
Учурда тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууда.