
Агартуу министри
Догдуркүл Кендирбаева 2-октябрда Монголиянын Кыргызстандагы элчиси
Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту.
Министр Кыргызстандын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле реформалар билим берүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоого багытталганын айтты.
Элчи Дэмчиг Тэгшжаргал эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.