Бишкектин айрым аймактарында 6-октябрда саат 09:00дөн 02:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
Мэрия мындай чектөө шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу киргизилгенин билдирди.
Өчүрүү төмөнкү аймактарга тиешелүү:
- Шабдан баатыр көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү – Махатма Ганди көчөсү – Циалковский көчөсү - Фрунзе көчөсү – Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Торугарт көчөсү
- Жумушчу шаарчасы
- Институт Земледелия
- Ак-Өргө конушу
- Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы)
- Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн)
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну эскертти.