Бүгүн, 3-октябрда Бишкекте "2026-жылдын мыкты мугалими" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Мэриянын маалыматына ылайык, алдыңкы үч орунду ээлеген 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сом өлчөмүндө сертификаттар тапшырылды. Сыйлыкты калаа мэри Айбек Жунушалив тапшырды.
Мындан тышкары, сынактын жыйынтыгы боюнча эң жогорку жыйынтыктарга жетишкен 2 педагогго унаалар берилди. Алар:
- №84 мектептин адам жана коом сабагынын мугалими Нургүл Карыбекова — Chevrolet Cobalt автоунаа,
- №118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белекова — Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унаа.
Ал эми эң жогорку жыйынтык көрсөткөн №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбекке МИКтен «Асман Резиденс» турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Мындан тышкары, мэр ага үй-бүлөсүнө керектүү тиричилик техникасын сатып алуу үчүн 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Ошондой эле бир катар билим берүү кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 122 муниципалдык мектепте, 129 мектепке чейинки билим берүү уюмунда жана кошумча билим берүү мекемелеринде 12 миңден ашык педагогикалык кызматкер эмгектенет.