Биз социалдык тармакта

Ырчы Айыма Бекболиеванын кыз узатуу тою өтөт

Ырчы Анжелика Кайратованын улуу кызы Айыманын кыз узатуу тою өтөт. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Кайратованын айтымында, той 5-ноябрга белгиленген.

"Сүйүктүү кызыбыз, кыргыз элинин кызы Айымабызды ак бата менен турмушка узатуу аземин өткөргөнү жатабыз.

Ушул күндү күтүп, кубанычыбызды тең бөлүшүп, «тойго келебиз, көркүн ачабыз» деп азыртан эле кызымдын сүйүнчүсүн берип, белектерин көтөрүп, баталарын айтып баштаган жакындарыбызга чексиз ыраазычылык билдирем.

Мен бүгүн абдан кубанычтамын, бактылуумун. Анткени кызымдын чоңоюп, ушул күнгө жеткенин сиздердин көз алдыңыздарда көрүп келдик. Айыма сиздердин да кызыңыздар болуп калды", - деген ырчы.

Буга чейин Айыма Бекболиеванын сүйүктүүсү баш кошууга сунуш киргизгени кабарланган.




Ырчы Айыма Бекболиеванын кыз узатуу тою өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан