Шакиранын Бишкекте өтө турган концертине карата "Шакиранын ырына бийлеп, концертке билет утуп ал" деген чакырык менен челленж жарыяланды.
"Бишкек Аренанын" социалдык тармактагы баракчасында жарыялаган видеодо челленжге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев командасы менен катышканын көрүүгө болот. Челленж бүгүн, 3-октябрда Бишкектин четиндеги тоодо тартылган.
Айта кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" болот. Бул дүйнөлүк ырчынын Борбор Азияга биринчи туру болмокчу.
Шакира 30 жылдык карьерасында "Whenever, Wherever", "Hips Don’t Lie", "Waka Waka", "She Wolf", "Chantaje" сыяктуу атактуу хиттерди жараткан.