Бишкекте жөө өтмөктөн аялды баласы экөөнү унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 2-октябрда саат 13:30 чамасында Фучик менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, Mercedes-Benz унаасын 46 жаштагы киши айдап бара жаткан. Кырсыктан 28 жаштагы аялдын бутунун манжасы сынып, 4 жаштагы бала да жабыркаган. Жабырлануучулар ооруканага кайрылган.