Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында бардык атаандаштары күчтүү болгонун айтты.
Журналисттерге маек берип жатып балбан өлкөнүн тийиштүү спорттук мекемелери, машыктыруучулар, команданын биргелешкен иштеринин натыйжасында жеңишке жетишкенин сөз кылды.
"Бардык эле атаандаштар күчтүү болду, мелдеш оңой болгон жок. Колубуздан келген аракетти жасап, ушул ийгиликтерди алып келип жатабыз.
Бул жылга агайларыбыз менен кеңешип, Астанада боло турган дүйнө чемпиондугуна барбай турган болдум. Буюрса, келерки жылкы дүйнө чемпиондугуна жакшы даярдык менен барабыз", - деди балбан.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын атынан Азия оюндарында өлкөгө биринчи алтын медалды алып келди.