Биз социалдык тармакта

Министр Солтобаев Нарындагы жолдорду суук түшкөнгө чейин бүтүрүүнү тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусунда жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Анда министр Нарын шаарындагы жалпы узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүн капиталдык оңдоо иштерин ушул жылдын 15-октябрына чейин бүткөрүүнү тапшырды.
Ошондой эле Нарын–Баетов, Он-Арча–Жаңы-Талап–Ашырма, Нарын–Үч-Нура унаа жолдорундагы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 231-чакырымындагы айланма жол кесилишин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү да текшерилди.
Министрликтен билдиргендей, аталган объектилерде жыл аягына чейин асфальт-бетон төшөө боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду. Ага ылайык, Нарын–Баетов, Он-Арча–Жаңы-Талап–Ашырма жана Нарын–Үч-Нура автомобиль жолдорунун тиешелүү тилкелеринин ар биринде кеминде 5 чакырымга асфальт-бетон төшөө милдеттендирилди.
Транспорт министри Нарында жолдорду суук түшкөнгө чейин бүтүрүүнү тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан