Чүйдөгү Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун курулушу 99 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Аталган унаа жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда.
"Эшигин көрүп, төрүнө өт" дегендей шаарыбыздын кире бериши да анын көркүн ачып, өнүгүүсүн көрсөтүп турушу керек. Бүгүнкү күндө аталган унаа жолдун курулушу 99 пайызгга аяктады.
Мурда эки тилкелүү болгон жол эми 4 тилкелүү, заманбап жана ыңгайлуу жолго айланды. Мындан тышкары, негизги жолдун жанына кошумча тилке жол да курулду. Кечээтен тартып жолдун жарыктандыруу системасы да ишке берилди. Эми бул аймак түнкүсүн да жарык, коопсуз жана көрктүү болуп калды", - деди министр.