
Күрөш легендасы, Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу
Жеңиш Дөңбаев 81 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу 4-октябрда Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Ал 1945-жылы 12-июлда Талас районундагы Кең-Арал айылында туулган. Дөңбаев 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1965-жылдан күрөшкө катыша баштап, союздук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жараткан.
- 1969-1972-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон.
- 1970-1991-жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.
- 1991-1996-жылдары республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу.
- 1996-1999-жылдары башкы устат катары жетектеген.
- 1999-2009-жылдары күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору.
- 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон.
- 2011-жылдан бери машыктыруучу болуп жигердүү иштеген.
Сыйлыктары:
- 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
- 2001-жылы "Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.
- Бир нече жолу “Жылдын мыкты машыктыруучусу” деп аталган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-октябрда өтөт. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюулат.