Кечээ, 4-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча жолдоштук беттешине министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев күбө болду.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө курамасынын жеңиши менен аяктаган оюнга парламент төрагасы Марлен Маматалиев, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев да барган.