Жаныш Кулмамбетов: “Куурчак театрынын артисттери 40 жашында пенсияга чыгышы керек”

Бүгүн, 4-февралда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин отурумунда Кыргызстан театр ишмерлери федерациясынын президенти Жаныш Кулмамбетов “Куурчак театрынын артисттери 40 жашында пенсияга чыгышы керек” деп билдирди. 

Анын айтымында, совет учурунда бул жанрда иштегендерди эрте пенсияга чыгарышкан.

“Бирок азыркы тапта мындай норма каралбай жатат. Маселен, бийчилер 40 жашка толгондо пенсияга чыкканын билебиз. Эмгек кодексине буга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү суранабыз”,- деди Кулмамбетов. 

Комитет мүчөлөрү жогорудагы демилгени колдоп чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан