Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын туулган күнүнө карата 2 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу калаа мэри Жанар Акаев кечээ, 4-октябрда билдирди.
Шаар башчысынын айтымында, акча калаанын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалат.