Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Азия оюндарына 9 жолу катышып, 92 медаль топтоду

Кыргызстан Азия оюндарына 1994-жылдан бери катышып келет. Төрт жылда бир өтүүчү Азиянын олимпиадасына өлкө жалпы 9 жолу катышып, 92 медаль жеңүүгө жетишти. Анын 11и алтын, 26сы күмүш, 55и коло.

Өлкө 1994-жылы Японияда өткөн оюндарда 4 күмүш, 5 коло медаль менен 26-орунду ээлеген. 1998-жылы Таиландагы оюндарда 3 күмүш, 3 коло байге алып, 28-орунга жайгашкан. Ал эми 2002-жылкы Түштүк Кореядагы оюндарда 2 алтын, 4 күмүш, 5 коло менен 19-орунду алса, 2006-жылы Катарда 2 күмүш, 6 коло байге утуп 31-орунду багындырган. 2010-жылы Азия оюндары Кытайда өтүп, анда Кыргызстан 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль алып 25-сапка жайгашкан. Түштүк Кореяда 2014-жылы кайрадан өтүп, кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 14 коло медаль жеңишкен. Мында өлкө 30-орунду алган.

2018-жылкы Индонезиядагы оюндарда 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло менен 22-орунду, 2023-жылы Кытайдагы мелдештерде 4 алтын, 2 күмүш, 9 коло менен 18-орунду алган. Быйыл 1 алтын, 3 күмүш, 10 коло байге топтогон Кыргызстан 26-сапка жайгашты.

Ошентип, Кыргызстан үчүн эң ийгиликтүү Азия оюндары 2023-жылкысы болуп калды. Ал эми өлкө эң көп медалды 2018-жылкы оюндарда алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан