Эркин журналист Ыдырыс Исаков айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун дебатка чакыруусун кабыл алды. Мындай видеону журналист кечээ, 4-октябрда соцтармактагы баракчасына жүктөгөн.
"Фейктерге, ботторго мени каралатпай, дебатка өзүм чыгам деп жатканыңыз саясий эрдик жана маданият. Мунуңузга ыраазымын",- деп билдирген Исаков.
Белгилей кетсек, 3-октябрда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков журналист Ыдырыс Исаков айыл чарба жаатында бир тараптуу гана маалымат берип жатканын айтып, дебатка чакырган.