Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди.
"Кандай болгон күндө да спортчуларыбыз болгон аракеттерин жасап, ийгилик жарата алышты. Жалпысынан Кыргызстандын капчыгында 14 медаль болду. Анын арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча 2 коло медаль жеңип алдык. Азия оюндары мыкты деңгээлде өттү. Бардык өлкөлөр мыкты даярдык менен барышты. Бул жалпысынан 2028-жылы өтө турган Лос-Анжелестеги Олимпиадага даярдык болуп эсептелет.
Алдыда Астанада күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өтөт. Кайра эле ушул кыздарыбыз килем үстүндө ат салышат. Жалпысынан Дүйнөлүк чемпиондукка дагы күч-кубатыбызды сактап, жогорку даярдык менен барабыз деген үмүтүбүз чоң. Азия оюндарында килем үстүндө кыздарыбыз дүйнөдөгү эң күчтүү, Олимпиада чемпиондору менен ат салышты. Аз упай менен жеңилүүгө дуушар болдук. Бул алдыда катачылык, кемчиликтерди оңдоого бизге түрткү берет. Алдыда ийгиликтерди жаратканы аракет кылабыз",- деди Изабеков