Белгилүү башкырстандык AY-YOLA тобунун ырчы кызы Адель Шайхитдинова турмушка чыкты. Бул тууралууу ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында билдирди. Ал Бакыт өргөөсүндө түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, сүйүктүүсү тууралуу билдирүү калтырды.
"Ошол кечте мен гастролдон чарчап келип, тынч эле кечки тамактанууну гана кыялдангам. Бирок сен мени карап отуруп, акыры жаныма келдиң. Ошол учурда жумуш графигимден улам мамилебиз мага кандайдыр бир деңгээлде мүмкүн эместей сезилчү. Ошол кечтен кийин жашообузда канчалаган нерсе болорун билген эмесмин. Чексиз телефон чалууларыбыз, гастролдо жүргөнүмдө мени бир көрүүгө учуп келгениң, сенин Уфага көчүшүң, алдыда бүтүндөй бир өмүрдүн турганы... Ал эми бүгүн биз бири-бирибизге "ооба" деп айтып, жубай болдук. Сенин чекиндүү болуп, жаныма келгениң кандай жакшы болгон. Сени сүйөм",- деп жазды өз билдирүүсүн ырчы айым.
Белгилей кетсек, AY-YOLA триосу 2025-жылы "HOMAY" ыры менен белгилүү болгон. Бул чыгармачыл топту Адель жана анын атасы Руслан Шайхитдинов түзөт. Аталган топ Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси да болушту.