Биз социалдык тармакта

Милицияга баш ийбеген мас айдоочу камакка алынды

Айтматов районунда мас абалында унаа башкарып, милиция кызматкеринин талаптарына баш ийбеген айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Талас облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-сентябрда милиция кызматкерлери ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгине чыгып, кайра жолдун ортосуна өтүп, каршы тилке менен жүргөндүгүн байкап, унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, кийин айыл ичинен кармалган.
Айдоочуну наркология бөлүмүнө жеткирүү учурунда, милиция кызматкерлерине орой сөздөрдү айтып, аларга кол көтөргөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 55 жаштагы айдоочунун спирттик ичимдик колдонгону аныкталган.
Бул факт боюнча айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, 1-октябрда Айтматов райондук соту тарабынан камакка алуу чарасы колдонулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан