Сокулуктун Шопоков шаарында акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардагы үйлөрдүн биринен 18-сентябрь күнү саат 6:30да 188 миң сом уурдалган. Бул ишке барган жаран Бишкектин 29 жаштагы тургуну экени аныкталган. Анын уурулук болгон үйгө киргени видеого тартылып калган.