"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы жарандардын майрамдык иш-чарадан кийин таштанды таштап кетишкенине нааразы болду.
Кечээ, 4-октябрда Ош шаарынын күнү борбордук стадиондо чоң салтанат менен белгиленди.
"Майрам алдында тазалыкты сактоо, таштандыларды белгиленген жайларга таштоо боюнча бир нече ирет эскертүүлөр айтылды. Тилекке каршы, бүгүн майрамдан кийинки көрүнүш ушундай болуп турат. Ошубузду бирге таза сактайлы",- деген билдирүү калтырган мекеме соцтармакка.