Казакстандын Каспий деңизиндеги трагедиядан аман калган үч жоокер аскердик кызматын аяктап, үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Казак басылмалары билдиришти.
Маалымдалгандай, Куандык Бекет, Никита Удалов жана Акжол Темерхан машыгуу учурунда сууга түшүп кеткен 17 аскер кызматкеринин арасында болгон. Анда 14 аскер кызматкери каза болгон. Аскердик кызмат өтөө учурунда курдаштарын куткарууда көрсөткөн баатырдыгы жана эрдиги үчүн үч жоокер тең "Эрдиги үчүн" медалдары менен сыйланышкан.
Алгачкылардан болуп 3-октябрда 19 жаштагы Акжол Темерхан үйүнө кайтып келген. Ал окуядан кийин дарылануудан өтүп, жакында гана ооруканадан чыккан. Ал эми 4-октябрда Куандык Бекет Актау шаарындагы №29011 аскер бөлүгүндө кызматын аягына чейин өтөп, жыйынтыктаган. Үчүнчү жоокер Никита Удалов да кызматташтары менен коштошуу учурунан социалдык тармактарга видео бөлүшүп, үйүнө кайтты.
Эске салсак, каргашалуу окуя 24-сентябрда Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда орун алган. Аба ырайы капысынан начарлап, катуу шамалдан улам 17 аскер деңизге агып кеткен. Алардын ичинен 14 жоокер каза болгон.
Бул факт боюнча кызматка кайдыгер мамиле кылуу жана кеме башкаруу эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иштери козголуп, өлкөнүн коргоо министрлигинин 5 жооптуу кызматкери камакка алынды. Президенттин тапшырмасы менен коргоо мекемесинде комплекстүү текшерүү башталды. Окуядан кийин, 27-сентябрда Даурен Косанов коргоо министри кызматынан кетип, анын ордуна Айдос Мырзахметов дайындалган.