Бүгүн, 5-октябрда "Ырыс Ордо" конгресс-залында мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал мамлекет башчысынын куттуктоосун жеткирди.
Иш-чаранын алкагында 2026-жылдын жыйынтыгы менен "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактарынын жеңүүчулөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул сынактар 22 номинация жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эң кесипкөй жана демилгелүү педагогикалык кызматкерлерин аныктоо боюнча өткөн. Жыйынтыгында 19 жеңүүчү аныкталды.