3-октябрда Түндүк Корея жасалма интеллект технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыноо учурунда ракета төмөн бийиктикте багытын өзгөртө алары айтылган. Өлкөнүн лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон ракетанын сыноосуна агасы жеке өзү көз салганын билдирди.
Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ракета болжол менен 680 чакырым учуп, өлкөнүн өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары деңизге түшкөн.