
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, эки кабаттуу болуп курулду.
Курулуш министрлиги 5-октябрда билдиргендей, бала бакча 140 балага ылайыкталган. Анда бардык зарыл шарттар каралган.
Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш иштери толугу менен аяктап калды.