Биз социалдык тармакта

Йеменде хуситтерге каршы масштабдуу аскердик операция башталды

Йемендин Президенттик башкаруу кеңешинин төрагасы Рашад аль-Алими хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарды кайтаруу үчүн масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялады. Бул тууралуу 4-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Анын айтымында, өкмөттүк күчтөр хуситтер көзөмөлдөгөн аймактар кайтарылганга чейин чабуулун улантат. Буга чейин Йеменде жалпы мобилизация жарыяланып, операцияга 100 миңден ашуун аскер катышышы мүмкүн экени айтылган.

Маалыматка ылайык, хуситтер 2014-жылдан бери Йемендин борбору Сана шаарын жана өлкөнүн түндүк-батышындагы бир топ аймактарды көзөмөлдөп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан