Биз социалдык тармакта

Тегеран АКШга Иранга кол салбоону эскертти

Иран АКШга Конгресске өтө турган аралык шайлоолорго чейин да, андан кийин да өлкөгө кол салбоого эскертти. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн "Хатам аль-Анбия" борбордук штабынын командачысы Али Абдоллахи билдиргенин бүгүн, 5-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, эгер АКШ өзү же Израилдин түрткүсү менен Иранга каршы кандайдыр бир аракетке барса, Ирандын Куралдуу күчтөрү америкалык кызыкчылыктарга "дароо, күчтүү жана оор сокку" урат.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп ноябрда өтө турган Конгресске аралык шайлоолордон кийин Иранга соккулардын интенсивдүүлүгү жогорулашы мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле ал шайлоого чейин эле соккулар кайра башталышы мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Абдоллахи Ирандын позициясы шайлоонун жыйынтыгына карабастан өзгөрбөй турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан