Бишкек шаарындагы жаңы “Бишкек Арена” спорттук-оюн-зоок комплексинин ачылыш аземине карата эл чогулуп жатат.
Бүгүн, 5-октябрда аренада масштабдуу ачылыш аземи жана шоу-концерт өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн шаар тургундары жана коноктору аренага келе башташты.
Учурда имараттын айланасында көрүүчүлөрдүн саны көбөйүп, ачылыш аземине кызуу даярдык жүрүүдө.
Иш-чарага көп сандагы көрүүчүлөрдүн келүүсүнө байланыштуу шаарда жол кыймылына да өзгөртүүлөр киргизилген.