Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында “Клиника Ош” заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери катышты.
Мэр Жанарбек Акаев борбордун ачылышы түштүк аймактын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Медициналык борбор бир убакта 110 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Бул жерде кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология жана жалпы хирургия багыттарында медициналык жардам көрсөтүлөт.
Долбоордун алкагында 120 жумуш орду түзүлгөн.
Борбордун ишке кириши татаал ооруларды жеринде дарылоого жана жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга багытталган.